Өнүктүрүү банкы жана протоколдор туңгуюгу: ШКУ эмнеге аналитиктерди укпай жатат?

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өзүнүн 25 жылдык тарыхында мүчө өлкөлөрдүн күчтүү эксперттик дараметин реалдуу интеграциялык долбоорлорго айландыра албай, оор бюрократиялык түзүмгө айланды. Жакында Бишкекте өткөн аналитикалык борборлордун форумунун катышуучулары ушундай кооптуу жыйынтыкка келишти.
Кырдаал парадоксалдуу бойдон калууда: дүйнөдө геосаясий кризистер күчөп жаткан шартта да, уюм ушул күнгө чейин натыйжалуу каржылык механизмдерге да, ачык коомдук талкуу маданиятына да ээ боло элек. Эмне себептен олуттуу жана келечектүү демилгелер ондогон жылдар бою создугуп келет? Атайын бюджетсиз эле «элдик дипломатияны» кантип жандандырууга болот? Бул маселелер тууралуу атайын «Reporter.kg*» үчүн «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору, саясат таануучу *Игорь Шестаков ой бөлүшөт.
Жакында Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы серепчилеринин катышуусунда эксперттик демилгелерди уюмдун ишмердүүлүгүнө интеграциялоо боюнча атайын жыйын же «мээ чабуулу» өттү. Форумду КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту уюштурду.
Биздин планетанын калкынын 40%ын кучагына алган бул уюмда, тилекке каршы, аналитикалык багыт дагы эле өзгөчө роль ойной албай келет. Ал болгону стратегиялык иш үчүн зарыл делген, бирок иш жүзүндө кагазда гана калган расмий документтерди эске салат.
Форумдун катышуучулары ШКУ дүйнөдөгү алдыңкы илимий-эксперттик түзүмдөргө жана зор изилдөөчүлүк ресурска ээ болсо да, бул потенциалды натыйжалуу пайдаланууну үйрөнө элек деген пикирди бекеринен ортого салышкан жок. Ал эми уюмга мүчө көптөгөн өлкөлөрдө эксперттик идеяларды ишке ашырууга жана биргелешкен изилдөө базасын түзүүгө багытталган даяр сунуштар жетиштүү.
Бул багытта беларустук серепчилер так жана кескин позициясын билдиришти. Алар интеграциянын деңгээлин көтөрө турган изилдөө долбоорлору жетиштүү экенин, бирок башкы маселе — ошол максаттарды ишке ашырууга каржылык каражаттын жоктугунда экенин баса белгилешти.
Өткөн жылы Кытайда өткөн дал ушундай серепчилер форумунда ШКУ катчылыгынын өкүлдөрү чоң оптимизм менен чыгышкан эле. Алар эксперттик коомчулукту мамлекеттер аралык күн тартибине активдүү катышууга чакырып, уюмдун демилгелерин медиа мейкиндигинде илгерилетүүгө үндөшкөн. Бирок, тилекке каршы, мындай зарыл кадамдарды каржылоо үчүн гранттык фонд түзүү жөнүндө сөз да болгон эмес.
Бүгүнкү күндө аналитикалык кызматташтыктагы уюштуруучулук кемчиликтерди негизинен Кытай менен Россия өз мойнуна алып, ар кандай форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү менен маселени чечүүгө аракет кылып келишет. Бирок бул жыйындардан кийин уюмдун жылдык отчетторунда гана кала турган кургак протоколдор эмес, реалдуу натыйжалар болушу керек.
Жергиликтүү кагылышууларды эмес, Үчүнчү дүйнөлүк согушту эске салган азыркы геосаясий кризистерди эске алганда, «сүйлөштүк да таркадык» деген форматты унутуу зарыл. Эч кандай социалдык сурамжылоосуз эле белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө ШКУну мүчө өлкөлөрдүн калкы кургак расмий-бюрократиялык түзүм катары гана кабыл алат.
Мисалы, Бишкектин көпчүлүк тургундары ШКУнун саммиттеринен борбор калаанын көчөлөрү тосулушун гана күтүшөт. Ал эми президенттер кабыл алган чечимдер — терроризмге каршы туруу жана коопсуздукту камсыздоо — Борбор Азиянын ар бир жаранынын жеке коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү. Бирок бул маанилүү кадамдарды коомдун актуалдуу темасына айлантуу үчүн ШКУнун аткаруучу түзүмдөрү аналитикалык борборлор жана ЖМКлар менен тыгыз иштеши керек. Тилекке каршы, бул маселе азырынча кагаз жүзүндөгү пландарда гана калууда.
Бул көйгөйлөрдүн топтомун уюмдун катчылыгы да моюнга алат. Бишкектеги форумда интеграцияны тереңдетүү жолундагы башкы тоскоолдук — эффективдүү каржылык механизмдердин жоктугу экени ачык айтылды.
«Бизде даяр документтер жана долбоорлор көп, бирок алар каражат менен ресурстардын тартыштыгынан улам ишке ашпай жатат. ШКУнун Өнүктүрүү банкы түзүлмөйүнчө, көптөгөн процесстер ордунан жылбай, аксай берет. Бизге инфраструктурага, логистикага жана аймактык байланышты чыңдоого ири инвестициялар керек», — деди ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сухэл Хан.
Өнүктүрүү банкы түрүндөгү каржылык инструментти түзүү демилгесинин автору — Кыргызстандын өкмөтү. Бул сунуш алгач 2008-жылы Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде көтөрүлгөн. Арадан дээрлик 18 жыл өткөндөн кийин гана бул демилге акыры колдоого ээ болду.
Албетте, «эч болбосо кеч болсун». Бирок бул долбоор эртерээк башталганда, ШКУ бүгүн туруктуу транспорттук-логистикалык инфраструктурага ээ болуп, геосаясий «Трамптын коридорлоруна» такалып калмак эмес.
Анткени, жашоо үчүн зарыл болгон товарлар менен чийки заттарды жеткирүү каттамдары жылдан-жылга эл аралык экономиканын бир бөлүгү эмес, тышкы саясий таасир этүүнүн кубаттуу куралына айланып баратат.
Бул жагынан алганда, Бишкектеги форум ШКУнун ичинде бирдиктүү валюта түзүүгө чейин дагы узак жол бар экенин көрсөттү. Мунун башкы себеби — уюмга мүчө көптөгөн мамлекеттер өз ара соодада америкалык долларды дагы эле негизги эсептешүү каражаты катары таанып жаткандыгында.
Ошол эле учурда, улуттук валюталар менен өз ара эсептешүүлөр туруктуу өсүп жатканы белгилүү бир деңгээлде үмүт жаратат. Ушундан улам, мүчө мамлекеттердин бизнес чөйрөсү да ШКУнун биргелешкен долбоорлоруна активдүү катыша алат. Анын ичинде элдик дипломатия механизмдери да бар. Мисалы, өткөн жылы ШКУга төрагалык кылган кытай тарап бул багыттагы механизмдерди ишке киргизген болчу.
Ушундан улам, «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек ара аймактарында биргелешкен эл аралык эксперттик иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүүгө даяр. Кыргызстан мындай форумдарды өткөрүү үчүн эң ыңгайлуу аянтча болуп саналат. Анткени биздин өлкө ШКУга мүчө төрт мамлекет — Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет.
Мындай форматтагы иш-чараларга жергиликтүү бийликти, бизнес чөйрөсүн, коомдук уюмдарды жана ЖМКларды тартуу зарыл. Максат — реалдуу экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык долбоорлорду иштеп чыгуу.
Эң негизгиси, бул демилге ири чыгымдарды талап кылбайт. Бул үчүн ШКУнун катчылыгынын саясий колдоосу гана жетиштүү. Ири бюджет бөлүүнүн да зарылчылыгы жок: чек аралардын ачык болушуна дайыма кызыкдар болгон аймактар менен жергиликтүү бизнес мындай иш-чараларды өз алдынча каржылап, өткөрүүгө кудуреттүү. Анткени, азыркы тапта заманбап санариптик технологиялар гана эмес, дал ушул элдик дипломатия да ШКУ мейкиндигиндеги чек ара коопсуздугун камсыздоонун эң маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.
Игорь Шестаков саясат таануучу, «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору