Кыргыргызстандык режиссер Далмира Тилепбергенованын «Белек» тасмасы Германиядагы балдар жана жаш уландар үчүн SCHLINGEL эл аралык фестивалында көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын режиссеру билдирди.
Фестиваль 23-30-сентябрда болуп өтөт. «Белек» тасмасы көрүүчүлөдүн назарына 26-сентябрда сунушталган.
Тасма тууралуу: Бир күнү жети жаштагы Арно аттуу кыз эрининдеги калы сыйкырлуу экенин, каалоо-тилектерди аткарарын билип калат. Анын башкы кыялы — көптөн бери эркек балалуу болууну көксөгөн атасына уул болуу…
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз