Дон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет

Америкалык актерлор Дон «Дракон» Уилсон жана Бай Линг VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет. Алар менен бирге өлкөгө польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудский жана теги казакстандык америкалык режиссер жана продюсер Эрик Ялгашев келет.
Чет элдик коноктор Ысык-Көл облусунда өтө турган Оюндун маданий жана спорттук иш-чараларына катышат.
Дон Уилсон кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону жана «Кандуу муштум», «От шакеги» жана «Кара кур» тасмаларынын актеру катары белгилүү. Бай Линг «Карга», «Анна жана король», «Такси 3» жана «Жылдыздар согушу: III эпизод — Ситхтердин өчү» тасмаларында роль жараткан.
Киноиндустрия өкүлдөрүнүн сапарын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөштөрүнүн колдоосу менен Ассоль Молдохматова уюштурган.