Путин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышат

1-сентябрда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Иш-чаралар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Саммитке 17 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышат. Алардын арасында Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана башкалар бар.
Ошондой эле Бишкекке эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келет.
Катышуучулар эл аралык жана аймактык күн тартибин, ШКУну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле соода, экономика, транспорт, санариптештирүү, экология жана башка тармактардагы кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына жана башка бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Саммит Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын негизги жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.