Азия оюндарына Тыныбекованын «эзелки» эки атаандашы барат. Алар кимдер?

Азия оюндарына Тыныбекованын «эзелки» эки атаандашы барат. Алар кимдер?

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) атаандаштары белгилүү болду. Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдешке катыша турган спортчулардын тизмесин Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.

Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова күрөшкөн 62 кг салмакта жалпы 15 спортчу күч сынашат. Алардын катарында Тыныбекованын «эзелки» эки атаандашы бар.  Алардын бири — япониялык жаш балбан кыз Нонока Озаки. Белгилүү болгондой, Нонока Озаки 2022-жылы Азия биринчилигинин финалында жана дүйнө чемпионатынын жарым финалында Тыныбекованы жеңип алган. Бирок быйыл Азия биринчилигинин жарым финалында Тыныбекова андан реванш алып, япониялык спортчу жеңилүү ызасын тарткан.

Жакында эле Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде Нонока Озаки 65 кг салмакта күрөшүп, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Ал эми 62 кг салмакта Сербиядагы дүйнө чемпионатына Япониянын атынан Сакура Мотоки катышкан. Ал финалда Айсулуу Тыныбековадан жеңилүү ызасын тартып, күмүш медаль тагынды.

Япониялык Нонока Озаки — Азия оюндарында Айсулуу Тыныбековага атаандаштык кыла турган күчтүү спортчулардын бири.

Бул Азия оюндарында Тыныбекованын дагы бир «эски» атаандашы — монголиялык Оркхон Пуревдорж. 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын финалында Айсулуу Тыныбекованы утуп, алтын байгени «тартып алган» спортчу Оркхон Пуревдорж болгон. Бирок кийинчерээк ал кызытма колдонгону аныкталып, Пуревдорж мелдештерден 4 жылга четтетилген. Ал эми Азия оюндарынын алтыны Айсулуу Тыныбековага берилген.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова менен Оркхон Пуревдорж 3 жолу беттеш өткөргөн. 3 кармаш тең эл аралык мелдештердин финалында болгон: биринчиси — 2016-жылы Астанадагы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдеште, экинчиси — Индонезиядагы Азия оюндарында жана үчүнчүсү — быйыл, 2023-жылы Астанада өткөн Азия биринчилигинде. 3 беттеште тең Тыныбекова жеңүүчү болгон.

Азия оюндарында 62 кг салмакта күрөшө турган балбан кыздар:

  • Ноёрн Серн (Камбоджа)
  • Цзя Лон (Кытай)
  • Синь Пин Паи (Кытайлык Тайбей)
  • Хёнён Мун (Түндүк Корея)
  • Сонам Малик (Индия)
  • Нонока Озаки (Япония)
  • Ирина Кузнецова (Казакстан)
  • Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
  • Оркхон Пуревдорж (Монголия)
  • Сушила Чанд (Непал)
  • Ханбит Ли (Түштүк Корея)
  • Салини Шрисомбат (Таиланд)
  • Дилфуза Аймбетова (Өзбекстан)
  • Тхи Ми Хань Нгуен (Вьетнам)

Тарых жаңыланды! Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>