Белгисиз жакка алып барып, ири суммадагы акча сурап коркуткандар колго түштү

Белгисиз жакка алып барып, ири суммадагы акча сурап коркуткандар колго түштү

5-май күнү болжол менен саат 14:40  чамасында Бишкек шаардык милициянын  «102» кызматына 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаран жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 4-май күнү болжол менен саат 18:00 чамасында  2000-жылы туулган А.А. аттуу жаранды чала тааныш 8-9 киши  Байтик-Баатыр көчөсүнөн БМВ Е60 үлгүсүндөгү авто унаага эркине каршы салып кетишип, эртеси күнү 5-май күнү  саат 14:00 гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен  чоң суммадагы акча талап кылышкан.

Ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган П. А. жана 1993-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандарды кармашып, Биринчи май районундук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>