Бишкек: Түндө бир киши көчөдө чуу чыгарды (ВИДЕО)

Бишкек: Түндө бир киши көчөдө чуу чыгарды (ВИДЕО)

Түн ичинде болжол менен саат 00:10 чамасында кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул да жүргөн учурда Ибраимов көчөсүнөн күзөт кызматкерлери (ГБР) кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, мас абалындагы жаран эс алуучу жайлардын биринде чыр чыгарып, көчөдөгү таксисттер менен да урушкан. Эс алуучу жайдын администрациясы күзөт кызматын (ГБР) чыкыртышкан. Бирок мас жаран аларга баш ийбей уруша кеткен. Мына ушул жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

 

Кайгуул кызматкерлери барган учурда мас жаран кайгуул кызматкерлерине да каршылык көрсөтүп, (ГБР) кызматы менен да чырдашкан.

 

Кийин кошумча күч чакырылып, ээнбаштыкка шектелген жаранды кармап, Свердлов райондук милициянын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришкен.

 

Азыркы учурда шектүү жаранды кармоо учурундагы видео тасма боюнча кызматкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>