Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Бельгиядагы элчи Муктар Джумалиев кызматынан бошотулду
29.06.2022 | 10:15
Муктар Джумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Жарлыкка ылайык Джумалиев Муктар Кабылбекович Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргызстандын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом