Өлкөдө өткөн суткада 3 адам сууга чөгүп кетти, бири өспүрүм

Өлкөдө өткөн суткада 3 адам сууга чөгүп кетти, бири өспүрүм

Кыргызстанда өткөн суткада 3 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Аист» пансионатында 2007-жылы туулган  Н. у Ж. аттуу бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 15:12де баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылынын Деркенбай тилкесинде Кара-Күнгөй суусуна  1986-жылы туулган К.С. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине 5 куткаруучу жана ИИМден 5 кызматкер тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:00дө жогору аталган жарандын жансыз денесин суунун жээгинен чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагынын Ак-Турпак  айылынын Сох дарыясына  1965-жылы туулган  М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин №3 бөлүмүнөн 13 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. 29-июнь күнү саат 6:20да анын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кырсык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>