Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Бишкекте велосипед, скутерлерди ижарага берген борбор ачылат
29.06.2022 | 10:20
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Велосипед бөлүшүү – эс алуунун жакшы жолу” пилоттук долбоорун баштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор, демилгечилердин айтымында, шаардагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле шаардыктар арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт.
Июль айынын башында мобилдик тиркеме аркылуу велосипед, мотороллер жана электр скутерлерин ижарага алууга болот, деп айтылат маалыматта.
Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен 80 экологиялык таза транспортту ижарага берүү пункттары уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом