Германиянын борбору Берлин шаарында «Ала-Тоо — тоолор симфониясы» деген темада кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.
Иш-чарага Германиянын министрликтери менен ведомстволорунун, Берлиндеги дипломатиялык корпустун, ар кандай германиялык компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
Кечеде тоо темаларына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулган. Ошондой эле конокторго А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын опера солисттеринен, немис музыканттарынан жана виртуоз-аккордеончу Айдар Гайнуллинден концерт тартууланган.
Мындан тышкары, дизайнерлер Жумагуль Сариева жана Назгуль Каарова тарабынан улуттук элементтерди камтыган киймдердин модасы көрсөтүлгөн.
Кечеде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, тоо экосистемасын, айлана-чөйрөнү жана климатты коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, башка мамлекеттерди Кыргызстандын тоо демилгесин колдоого чакырган.