“Бешикташта” ойногон Адилет карьерасын Чехияда улантат

“Бешикташта” ойногон Адилет карьерасын Чехияда улантат

Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын оюнчусу Адилет Каныбеков Чехиянын “Дукла” командасы менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

18 жаштагы жарым коргоочунун жаңы клубунун жаштар командасынын катарында Чехиянын үчүнчү дивизионунда ойнойт. Ал эми “Дукла” өзү экинчи лиганын командасы.

“Адилет биз издеген сапаттары бар оюнчу болгону үчүн биздин көңүлүбүздү бурду. Анын өзгөчөлүгү бар, техникасы мыкты, ал топту ээн-эркин башкарат. Анын улуту жана башка футбол стили менен чоңойгону, биздин оюнчулардан айырмалантып турат, жана бизди ушул нерсеси менен кызыктыра алды. Үчүнчү лига старт алса ал бизде ойной алат”, — деген клубдун спорттук директору Ян Станек.

Белгилей кетсек, Адилет Каныбеков Түркиянын “Бешикташ” командасында ойноп келген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>