Билим берүү министрлигинин кызматкеримин деп алдамчылык жол менен акча алган жаран колго түштү

Билим берүү министрлигинин кызматкеримин деп алдамчылык жол менен акча алган жаран колго түштү

Шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмү алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 16-ноябрында жаран Ж.М. аттуу чала тааныш А., 2021-жылдын 6-майында ишенимине кирип, өзүн Билим берүү министрлигинин кызматкеримин деп алдоо жолу чоң өлчөмдөгү акча алган адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Тактап айтканда, арыз ээсине шектүү АКШнын университеттерине өткөрүүгө жардам берем деп 19 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты алып, андан кийин убадасын аткарбай, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факты Ленин районунун ИИБнин РИИБге катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 1994-жылы туулган К.А. кармашып, тергөө кызматына жеткиришкен. Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин Ленин райондук соту шектүүгө карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Кармалган К.А.нын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>