Кыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн

18.08.2026 | 16:45
Кыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 11 чет өлкөлүк компанияга салыктык каттоодон өтүү зарылдыгы тууралуу эскертти. Эгерде салыктык милдеттенмелер мындан ары да аткарылбаса, алардын электрондук сервистерине кирүүнү чектөө демилгеси көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстандын резиденттерине электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар салык органдарында каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бул программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернет-жарнама, хостинг, маалыматтарды сактоо, санариптик контентке кирүү жана башка ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн компанияларга тиешелүү.

Салыктык каттоо ошол эле учурда кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү катары каттоо болуп эсептелет. Арыз Кыргызстандагы ишмердүүлүк башталганга чейин берилиши керек.

Бүгүнкү күндө электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет өлкөлүк компания каттоодон өткөн.

Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматы коммерциялык банктар менен биргеликте акча которуулар тууралуу маалыматтарды талдап чыгып, милдеттүү салыктык каттоодон өтпөгөн, бирок ири финансылык жүгүртүүсү бар 11 чет өлкөлүк компанияны аныктаган.

Тизмеге төмөнкүлөр кирди:

— Alibaba Group Holding Limited (1688);
— Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. (Pinduoduo);
— Twitch Interactive, Inc.;
— Microsoft Corporation;
— Valve Corporation;
— Sony Interactive Entertainment LLC;
— Epic Games Inc.;
— Electronic Arts Inc.;
— VK Company Limited;
— Telegram FZ-LLC;
— Dropbox Inc.

Салык кызматынын маалыматына караганда, 2024–2025-жылдардын ичинде эле бул компаниялардын дарегине жалпы суммасы 13,2 миллиард сомдон ашык 15,9 миллионго жакын акча которуулар болгон.

Эң чоң суммадагы которуулар Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. компаниясына туура келген — 8,89 миллиард сом. Alibaba Group Holding Limited (1688) компаниясына 2,83 миллиард, ал эми Microsoft Corporation компаниясына 1,01 миллиард сом которулган.

Мамлекеттик салык кызматы бул компанияларга каттоонун тартиби жана салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча бир нече жолу расмий каттарды жөнөткөнүн билдирди. Ошондой эле КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу дипломатиялык каналдар менен да кайрылуулар жиберилген.

«Бирок ушул күнгө чейин алардан эч кандай жооп болгон жок жана алар салыктык каттоого турбастан ишмердүүлүгүн улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Компанияларга Кыргызстандын салык мыйзамдарын сактоо зарылдыгы тууралуу расмий эскертүү берилди. Эгерде алар салыктык милдеттенмелерин аткарууну улантышпаса, Салык кызматы мыйзамда каралган чараларды көрүүнү көздөп жатат.

Тактап айтканда, салык органдары компетенттүү органдарга бул компаниялардын Кыргызстандын аймагындагы электрондук сервистерине кирүүнү чектөө маселеси боюнча кайрылуу демилгелей алат.
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top