Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштады

Кыргызстан Борбор Азияда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча Регионалдык стратегиянын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштады. Демилге стратегияны ишке ашыруу боюнча 17-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде өткөн улуттук консультацияларда айтылды.
Консультацияларга Тышкы иштер министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ошондой эле GIZ уюмунун өкүлдөрү катышты.
Регионалдык стратегия Борбор Азия өлкөлөрү тарабынан GIZдин колдоосу менен иштелип чыгып, 2030-жылга чейин эсептелген. Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатындагы аймактык координацияны күчөтүү, адаптациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана климаттык каржылоону тартуу, билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле климаттык мониторинг жана болжолдоо системаларын өркүндөтүү каралган.
Кыргыз тарап Катчылыкты Бишкекте Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун базасында жайгаштырууну сунуштады. Ошондой эле стратегияны башкаруунун төрт баскычтуу моделин жөнөкөйлөтүү жана иш-чаралардын планын аймактагы өлкөлөрдүн улуттук артыкчылыктарын жана конкреттүү климаттык долбоорлорун эске алуу менен жаңылоо сунушталды.
Консультациялардын жыйынтыгында Кыргызстандын сунуштары стратегияны ишке ашыруу механизмдерин мындан ары иштеп чыгууда эске алынат.