Билим министрлиги ЖРТга каттоо жана ЖОЖго тапшыруу этаптарын жарыялады

30.04.2020 | 13:41

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөр үчүн өтө турган республикалык тестирлөөнүн жана абутренттердин ЖОЖдого тапшыруу этаптарын жарыялады.

Ага ылайык, ЖРТ менен ЖОЖго тапшыруу төмөнкү этапта өткөрүлөт:

 – каттоо 4-15-майда аяктайт;

– 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

– 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;

– 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

– 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

– ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;

– 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;

– 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;

– 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат

Министрлик ошондой эле окуучулар үчүн 4-чейрек дистанттык түрдө аяктай тургандыгын кошумчалады.

Scroll to Top