ДЧ-2026: Португалия Өзбекстанды талкалады — Роналду дубль жасады

24.06.2026 | 09:19
ДЧ-2026: Португалия Өзбекстанды талкалады — Роналду дубль жасады — Новости Кыргызстана

Португалиянын курама командасы 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын экинчи турунда Өзбекстандын командасын ири эсепте жеңип, K тайпасынын сап башына чыкты.

Күн мурун Португалия менен Өзбекстандын курамалары Хьюстондогу (АКШ) «Эн-Эр-Джи Стэдиум» стадионунда беттешти. Бул оюнга марокколук Жалял Жайед баштаган калыстар тобу калыстык кылды.

Португалиялыктар 6-мүнөттө эле эсепти ачты — Криштиану Роналду айырмаланды. 17-мүнөттө Нуну Мендеш артыкчылыкты бекемдеди (эсепти 2:0 кылды).

29-мүнөттө Өзбекстан курамасынын коргоочусу Азизжон Ганиевдин киргизген голу жокко чыгарылды — VAR’ды (видеокалысты) көргөндөн кийин башкы калыс Аббосбек Файзуллаевдин Жоау Канселуга каршы эреже бузганын аныктады.

Тыныгууга чейин Роналду дубль жасап, 39-мүнөттө өзүнүн экинчи тобун киргизди.

Экинчи таймда протоколго Өзбекстан курамасынын дарбазачысы Абдувохид Нематовдун автоголу катталса, ал эми 87-мүнөттө Рафаэл Леау оюнга акыркы чекитти койду — эсеп 5:0.

Эки турдун жыйынтыгы менен Португалия төрт упай топтоп, K тайпасынын лидери болду. Өзбекстан болсо бир дагы упай топтой албай, акыркы орунда калууда.

28-июнда өтө турган үчүнчү турда Португалия Колумбияга каршы ойнойт, ал эми Өзбекстан Конго Демократиялык Республикасынын (Конго ДР) курамасы менен беттешет.
Scroll to Top