Кыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирдиГареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салындыКыргызстан Минск шаарында өткөн антитеррордук форумга жана машыгууларга катыштыЧүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартуулады
Бир жумада 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
09.09.2025 | 11:15

Кыргызстанда 1-сентябрдан 7-сентябрга чейинки аралыкта 23 миң 788 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Анын ичинен негизгилери:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 1504;
- мас абалында унаа башкаруу – 295;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 182;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан мыйзам бузуу – 1755;
- транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу – 4298;
- авто ээнбаштык – 36;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3559;
- жалган мамлекеттик номери менен унаа айдоо – 3;
- башка бузуу фактылары – 14 633.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежесин бузгандарга карата 2774 унаа айып короого токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом