Окко учкан фельдшер Нургазы менен чек арачы Бекмырза – сүрөт

22.09.2022 | 10:32

Тажикстандын кол салуусунан улам окко учкан Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин арасында прапорщик Нургазы Мамытов жана чек арачы Бекмырза Шарабидин уулу да бар.

Нургазы Мамытов Баткен районундагы №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасынын фельдшери болгон. Ал акыркы 6 жылдан бери жоокерлердин ден соолугуна кам көрүп, эмгектенип келген.

Нургазы Мамытов 1987-жылы Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында туулган. 16-сентябрь күнү Баткен районунун Үч-Дөбө айылында Тажикстандын кол салуусунан улам каза болгон. Ал жанында жүргөн аскерлердин өмүрүн сактоо үчүн барган.

Маркумдун артында жубайы жана төрт кызы калды.

[image_carousel source=”media: 156257,156258,156259″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Ал эми 16-сентябрда Лейлек районундагы “Кулунду” чек ара заставасында куралдуу кагылышта мерт кеткен Бекмырза Шарабидин уулунун сөөгү Ноокен районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жерге берилди.

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда кызмат өтөп, кийин УКМКнын Чек ара кызматына которулган.

Ал 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында орун алган чырда да чек араны коргогон.

[image_carousel source=”media: 156264,156265,156266,156267,156268″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 59 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул соңку маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Курман болгондордун көбү — Куралдуу күчтөрдүн катарында мекен үчүн кызмат кылган аскер кызматкерлери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top