Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Кыргызстандыктар Таиландга 30 күнгө визасыз кире алышат. Эмнелер талап кылынат?
10.09.2026 | 14:38

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргызстандын жарандары Таиландга туристтик максатта 30 күнгө чейин визасыз бара алышат. КРдин Тышкы иштер министрлиги, Таиландга визасыз кирүү үчүн эмнелер талап кылынарын түшүндүрдү.
Сапарга чыгуудан мурда жарандар Таиланддын электрондук кызматы аркылуу Thailand Digital Arrival Card (TDAC) формасын толтурууга тийиш.
Өлкөгө кирүүдө төмөнкү документтер талап кылынат:
- Кирүү күнүнө карата жарактуулук мөөнөтү кеминде алты айды түзгөн, эки бош барагы бар Кыргыз Республикасынын паспорту;
- Кайра кайтууну же үчүнчү өлкөгө жөнөп кетүүнү тастыктаган билет;
- Жашай турган жер тууралуу маалымат (мейманканага жайгашуу документи).
Визасыз режимди календардык жыл ичинде аба же кургактык жолу менен эки жолудан ашык эмес пайдаланууга болот. Өлкөгө кирүүдө иммиграциялык көзөмөлдөн өтүү милдеттүү, ал эми киргизүү боюнча акыркы чечимди Таиланддын иммиграция органдары кабыл алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом