Биринчи моюнга алсаң — айып пулдан кутуласың: Кыргызстанда картелдер үчүн жаңы эрежелер сунушталууда

Кыргызстанда монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу жана аны жеңилдетүү тартибин киргизүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.
Негизги жоболордун бири тыюу салынган макулдашуулардын катышуучуларына — картелдерге тиешелүү.
Тыюу салынган макулдашууга же макулдашылган аракеттерге катышканы тууралуу монополияга каршы органга өз ыктыяры менен биринчи болуп кабарлаган чарба жүргүзүүчү субъект республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлүүчү айып пулдардан жана төлөмдөрдөн бошотулушу мүмкүн. Бул үчүн «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамда каралган шарттар бир эле учурда аткарылышы зарыл.
Долбоордо монополияга каршы органга кайсы документтер, маалыматтар жана материалдар берилиши керектиги, анын ичинде компаниянын тыюу салынган макулдашууга катышуудан же аны андан ары улантуудан баш тартканын тастыктоочу далилдер так көрсөтүлгөн. Ошондой эле мындай арыздарды кароонун тартиби жазылган.
Жоопкерчиликтен бошотуу же аны жеңилдетүү механизмин атаандаштыкка каршы макулдашууларда жана макулдашылган аракеттерде гана эмес, үстөмдүк кылуучу абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурларда да колдонуу сунушталууда. Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, үстөмдүк кылган чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн мындай жоопкерчиликти аныктоо тартиби Министрлер кабинети тарабынан бекитилиши керек.
Документ ошондой эле атаандаштыкты чектеген же бурмалаган макулдашууларды жана макулдашылган аракеттерди аныктоо тартибин да белгилейт. Мындан тышкары, компания келишим түзүлгөнгө чейин эле анын мыйзамдуу деп табылышы мүмкүндүгүн же жоктугун аныктоо үчүн монополияга каршы органга алдын ала кайрыла алат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 287 жана 288-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн юридикалык жактарга салынуучу жүгүртүү айып пулдарынын өлчөмүн эсептөө эрежелерин өзүнчө бекитүү сунушталууда. Айып пулдун өлчөмүн аныктоодо жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эске алынат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, буга чейин Экономика министрлиги тыюу салынган макулдашуу тууралуу өз ыктыяры менен кабарлоо бизнес үчүн монополияга каршы тобокелдиктерди азайтуунун механизмдеринин бири катары караларын билдирген.
Анара Мамытова