Кыргызстан менен Корея кайра жаралуучу энергетика, климаттык технологиялар жаатында кызматташат

Сеул шаарында Кыргызстандын Кайра жаралуучу энергетика ассоциациясы менен Түштүк Кореянын «Climate Change Foundation» фонду кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документ эки өлкөнүн кайра жаралуучу энергетика, климаттык технологиялар жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө өз ара кызматташтыгына шарт түзөт.
Макулдашууга ылайык, тараптар техникалык экспертиза жана тажрыйба алмашууну, ошондой эле парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу жана энергетикалык өтүү боюнча биргелешкен долбоорлорду даярдашат.
Кыргызстандын Кайра жаралуучу энергетика ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева: «Кийинки милдет — Кыргызстандын конкреттүү долбоорлорунун портфелин түзүү жана аларды кореялык технологиялар, эксперттик компетенциялар, инвесторлор жана климаттык каржылоо механизмдери менен байланыштыруу. Бул күн жана шамал энергетикасы, чакан ГЭСтер, энергия топтоо тутумдары, санариптештирүү, суу ресурстарын башкаруу жана энергетикада жасалма интеллектти колдонуу чөйрөсүндөгү долбоорлор болушу мүмкүн», — деп белгиледи.
Документ ошондой эле энергетика тармагынын адистерин окутуу программаларын, эксперттик жолугушууларды жана тажрыйба алмашуу сапарларын уюштурууну карайт. Мындан тышкары, макулдашууда кыргызстандык энергетикалык компаниялар менен кореялык жабдуу өндүрүүчүлөрдүн, технологиялык компаниялардын жана инвесторлордун ортосунда түз байланыштарды түзүү каралган.