Бирөөнүн 38 миң долларлык унаасын сатып жиберген киши колго түштү

Бирөөнүн 38 миң долларлык унаасын сатып жиберген киши колго түштү

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 11-майында милицияга жаран кайрылып, ал 7-март күнү Д. аттуу адам андан Мерседес-Бенц S500 4MATIC үлгүсүндөгү унаасы 38 миң долларга бааланып, ал каражатты бир айдын ичинде төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.  Андан соң унаасын үчүнчү жактарга сатып, качып кеткен.

Бул факт Ленин районунун ИИБнин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 27-июлунда кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган М.Д. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмышка шектүү М.Днын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (555) 102-149, (502) 149 -149, 0 (703) 401-600, 0 (708) 540-750 жана 102 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>