АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Бишкек административдик соту “Кыргызстан” партиясынын пайдасына чечти
27.08.2020 | 19:35
Бишкек административдик соту 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясын киргизүү жөнүндө чечим чыгарды.
Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы сот өкүмү боюнча Жогорку Сотко даттанууну көздөп жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн Свердлов райондук сотунун имаратында “Кыргызстан” партиясын парламенттик шайлоого кабыл алуу иши боюнча сот отуруму болуп өттү. Буга чейин БШКнын жумушчу тобу документтерди партияга кайтарып берүү чечимин кабыл алган, анткени өкүлдөр документтерди өз убагында тапшырууга үлгүргөн эмес. Бирок, “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев болуп өткөн окуяны техникалык ката экенин жана бул партияны жарыштан четтетүүгө негиз болбой тургандыгын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар