Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
«Кылым Банктын» акциялары Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдү
21.08.2026 | 10:44

Президент Садыр Жапаров «Кылым Банктагы» акционердин функцияларын Кыргызстандын Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Максат — банктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
Министрлер кабинетине өз чечимдерин бул жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды. Ал эми Президенттин Иш башкармалыгы Каржы министрлиги менен биргеликте акцияларды өткөрүп берүүнү тариздеп, банкты зарыл болгон мамлекеттик мүлк менен камсыз кылышы керек.
Жарлыкка 2026-жылдын 19-августунда кол коюлган жана ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Теги: Экономика Кыргызстана