Кадамжайда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

Кадамжай районунда экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Баткен облустук милициясынын маалыматында, ал интернет аркылуу Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын аудио жана видео материалдарын таратып жүргөн.
Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында А. Масалиев айыл аймагынын тургуну А.Ж. өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сот тарабынан экстремисттик жана террористтик деп табылган уюмдарга тиешелүү материалдарды жайгаштырганы аныкталган.
Дайындалган экспертизанын корутундусу жайгаштырылган аудио жана видеолордун экстремисттик мүнөзүн ырастаган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.