Касымалиев Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору болдуКыргызстандык кооператив Японияга ашкабак үрөнүн экспорттоону жолго койдуБишкектин адабий пантеону: шаардын постаменттериндеги манасчылар, акындар жана жазуучуларКыргызстанда эс алуу базаларынын жана мейманканалардын саны кескин өстүБишкекте Моңголиядагы кыргыздардын тарыхына арналган тасманын жана китептин бет ачары өтөтБишкектеги массалык уулануу — жабыркагандардын саны 44 адамга жетти
Бишкек: Ата-энелер эгиздерине “Садыр, Камчыбек” – деп ат коюшту
15.11.2021 | 16:46
Бишкек шаарында ата-энелер эгиз уулдарына “Садыр, Камчыбек”- деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алардын кошунасы Айгерим Болот кызы билдирген.
Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.
“Эгиз уулдардын салмагы 2 килограмм 700 граммдан. Алар бүгүн, 15-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Эгиздер ата-эненин төртүнчү балдары.
Кошунамдын жакын туугандары кеңешип уулдарына Садыр, Камчыбек деген ат коюшту. Алар түндүк менен түштүктү бириктирген, элине тынчтык орноткон, элге күйгөн уулдардан болсун деп ушул атты тандашыптыр.
“Кошунам 10 жылдан бери батирде турат, алар Ысык-Көл облусунун Кожояр деген айылынан болушат”, – деди кошунасы.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар