Бүгүн сотто аялынын колун үтүк менен күйгүзүп, зордуктоого шектелген жарандын бөгөт чарасы каралат

Бүгүн сотто аялынын колун үтүк менен күйгүзүп, зордуктоого шектелген жарандын бөгөт чарасы каралат

Бишкекте жарандык никеде жашаган аялынын колун үтүк менен күйгүзүп кыйнап, зордуктоого шектелген жарандын бөгөт чарасы бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык сотто анын бөгөт чарасын өзгөртүү жана кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочусунун апелляциялык арыздары каралат. Соттук отурум саат 15:40 жана 15:50гө белгиленген.

Эскерте кетсек, буга чейин Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы келин кайрылып, жарандык жолдошу Э.У. 14-сентябрда катуу сабап, колун ысык үтүк басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаганын билдирген. Бул боюнча ал милицияга арыз жазып, милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козгогон. 15-сентябрда шектүү катары American school ЖЧКсынын директору, 38 жаштагы Э.У. кармалган. 16-сентябрда Октябрь райондук соту шектүүнү №1 тергөө абагына 2 айга камакка алган.

Кийин шектүүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппелциялык арыз менен кайрылып, соттук отурум 6-октябрга белгиленген. Бирок ал күнү жактоочу ооруп келбей калгандыгына байланыштуу соттук процесс 9-октябрга жылдырылган.

Аталган окуяда жабыркаган келин сот анын жарандык жолдошун камактан бошотот жана ал кайрадан ага кордук көрсөтөт деп коркууда.

Келиндин жактоочусунун айтымында, ал ишин жактап жаткан аял көп жылдар бою жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылып келген. Бирок бул тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына айткандан корккон. Себеби жолдошу тааныштары аркылуу жазаланбай калат деп ойлогон.

Бишкекте эркек киши аялынын колун үтүк менен күйгүзүп, зордуктаган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>