25-июнга карата аба ырайынын божомолуБишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылат
Бишкек: Чоң Чүй каналын бойлой веложол салуу пландалууда
15.12.2022 | 17:21
Чоң Чүй каналын бойлой чуркаганга жана велосипед тепкенге жол салуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Жыйында депутат Аида Исатбек кызы “Чоң Чүй каналынын жээгине тосмо орнотуу пландалуудабы?” деп суроо узатты.
Мэр каналды бойлой чуркаганга жол жана веложол салып, айланасын көрктөндүрүү пландалып жатканын айтты.
“Чоң Чүй каналы боюнча бир долбоор даярдап жатабыз. Каналдын жээгинде чуркаганга жол, веложол салуу каралган”, – деди ал.
Ошондой эле, ал долбоор боюнча каналдын жээгине тосмо орнотуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.
“Долбоор бүткөндөн кийин жеке бизнеске, инвесторлорго сунуштайбыз”, – деди ал.
Азырынча бул демилге качан ишке ашырылары белгисиз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом