27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Бишкекте сыноо иретинде унаа жолдордун четине веложолду бөлүүчү түзүлүштөр орнотулууда
22.06.2026 | 12:21

Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн четинде веложол үчүн атайын бөлгүчтөр коюлуп жатат. Мэриянын маалыматында, сыноо жүргүзүү үчүн биринчи тилке катары Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү тандалып алынган.
Бул жерде бөлгүчтөрдүн жол коопсуздугуна тийгизген таасири бааланат. Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин жана жарандардын пикирине жараша долбоорду кеңейтүү маселеси чечилет.
Экинчи этапта Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө бөлгүчтөрдү орнотуу пландалууда. Сыноо учурунда бөлгүчтөрдүн формасы же конструкциясы өзгөртүлүшү мүмкүн.
Мэрия бул долбоор велосипедчилердин коопсуздугун камсыздоо жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек