КРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталуудаЖаан-чачын күтүлбөйт: 17-ноябрга карата аба ырайынын божомолуМүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодо
Бишкек: Эки жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп кеткен жаран кармалды
29.03.2022 | 09:20
Аламүдүн районунда эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен факты боюнча шектүү кармалды.
Аталган облустун ИИБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 28-мартында Чүй облусунун ИИБнын жол кайгуул кызматы жана ОИИБдин ИИБ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылындагы көчөлөрдүн биринен 2009-жылы туулган Ж.А.ны жана 2010-жылы туулган Б.Б.ны сүзүп кеткен шектүүнүн өздүгү такталды. Ал 2001-жылы туулган П.И., болуп чыкты. Шектүү кармалып, ички иштер органдарына жеткирилди.
Унаа айып короого токтотулат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом