Акылбек Жапаров мал базарларды асфальттоого бир ай убакыт берди

Акылбек Жапаров мал базарларды асфальттоого бир ай убакыт берди

Бийлик мал базардын ээлерине бир ай убакыттын ичинде мал базарды асфальттоого убакыт берди. Бул туурасында Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 28-март күнү Акылбек Жапаров президенттин  администрациясынын аппараттык кеңешмесинде бардык мал базарлардын абалын кескин сынга алды.

«Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга реакция кылуусу зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>