Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн эртең менен өрт чыккан «Мадина» базарынын соодагерлери менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар башчысы ишкерлерди өрттү өчүрүү иштерин улантып жаткан ӨКМ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан чыгышы мүмкүн. Өрттүн так себебин аныктоо үчүн адистер видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды изилдешет.
«Азыр эң башкысы — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттү өчүрүү. Жабыркагандарды сөзсүз аныктап, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз. Кырдаал толугу менен көзөмөлдө», — деди Жунушалиев.
Өрт чыккан жерге мэриянын суу ташуучу унаалары да жөнөтүлдү. Өрттү өчүрүүгө шаардык кызматтар тартылды.
Эске салсак, «Мадина» базарындагы өрт 30-августта эртең менен чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү «102» кызматына болжол менен саат 09:38де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп жана ыкчам штаб тартылган. Окуя болгон жерде куткаруучулар, суу ташуучу унаалар жана тез жардам бригадалары да иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн.