УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
ЖК ишине кайтып жатат: УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилери бекитилет
02.09.2026 | 09:31

Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан кийин ишин улантууда. Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдиргендей, 2-сентябрда парламенттин кезектеги сессиясы ачылат, ал эми тармактык комитеттердин толук кандуу иши кийинки жумадан тарта башталат.
Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — Башкы прокурор жана УКМКнын төрагасы кызматтарына талапкерлерди карап чыгуу жана макулдашуу болот. Андан соң ал талапкерлер президент тарабынан дайындалат.
Кадр маселелери чечилгенден кийин депутаттар топтолуп калган мыйзам долбоорлорун талкуулоого өтүшөт. Бекешев жарандарды парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн видеоархивдер сакталып турарын белгилеп, жыйындарды YouTube каналындагы түз эфирлер аркылуу көз салууга чакырды.
Теги: Жогорку Кенеш