УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталды2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодо
Эми кыргызстандыктар Таиландда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат
02.09.2026 | 09:49

Эми Кыргызстандын жарандары Таиланддын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Жаңы тартип 2026-жылдын 15-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Учурда колдонулуп жаткан эреже боюнча, Кыргызстандын жарандары Таиландга барганда аэропорттон виза (Visa on Arrival) алып, 15 күн жүрүүгө укуктуу. 15-сентябрдан тарта виза алуу зарылчылыгы жоюлуп, өлкөдө болуу мөөнөтү эки эсеге узарат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Таиланддын жарандары үчүн да 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим колдонулат. Таиланд өкмөтү бул чечимди бир катар мамлекеттер үчүн визалык режимди кайра карап чыгуунун алкагында кабыл алган. Жаңы эрежелер туристтик максаттагы сапарларга тиешелүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом