Кыргызстан Мисир өлкөсү менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдө

Кыргызстан менен Мисир өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселесин кароодо. Бул тууралуу КРдин Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Мисирдин экономикалык маселелер боюнча премьер-министринин орун басары Хуссейн Эйссанын 1-сентябрда өткөн жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-мисир соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкуулашкан. Тактап айтканда, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жана инвестиция тартуу маселелери каралган. Ошондой эле өнөр жай, айыл чарбасы, энергетика, туризм жана фармацевтика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.
Мындан тышкары тараптар 2025-жылдын ноябрында КР президенти Садыр Жапаровдун Мисирге болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолушкан.