logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынан майнинг-ферма табылды – видео

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынан майнинг-ферма табылды – видео

“Бишкек» эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлайт.

6-август күнү  Финполдун кызматкерлери соттун чечими менен криптовалюта чыгарат делген күмөндүү жайды тинтүүгө алышкан.

Айтылган жайдан криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган майнинг-системалар табылган.

Азыркы тапта бул мыйзамсыз ишке жол берген жана катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат Финполдун маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>