Кыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети мамлекеттик билим берүү стандартында мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды инклюзивдүү окутуунун принциптерин бекитти.
Негизги жаңылык — окутуунун эки түрдөгү программасын киргизүү. Ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (ЫБП) белгилүү бир категориядагы окуучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бүтүндөй класс же топ үчүн иштелип чыгат. Ал эми ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (ЫЖБП) конкреттүү бала үчүн анын диагнозун, ден соолугунун абалын жана адистердин сунуштарын эске алуу менен түзүлөт. Эки программа тең окуу материалын өздөштүрүүнүн көлөмүн жана темпин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда билим берүүнүн натыйжаларына коюлган негизги талаптар сакталат.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуу жүгүн кайра бөлүштүрүү, программаны өздөштүрүү темпин өзгөртүү, анын мазмунун жарым-жартылай ылайыкташтыруу, кошумча коррекциялык-өнүктүрүүчү сабактарды киргизүү жана педагогдордун, адистердин жана ата-энелердин катышуусунда психологиялык-педагогикалык коштоо уюштуруу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Көрүүсү жана угуусу начар балдар үчүн шарттар өзүнчө белгиленген. Окуу материалдары жеткиликтүү форматтарда — Брайль шрифти, чоңойтулган шрифт, электрондук жана аудиоформатта берилиши керек. Мектептерге Брайль жана жаңдоо тилин билген педагогдорду тартуу, ошондой эле атайын техникалык каражаттарды жана көмөкчү технологияларды колдонуу милдети жүктөлөт.
Мындай балдардын билим деңгээлин баалоо тартиби да өзгөрөт. Тапшырмалардын жана жооптордун формасын өзгөртүүгө, аларды аткарууга кошумча убакыт берүүгө, атайын техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет. Айрым учурларда медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде жыйынтыктоочу аттестациянын формасын өзгөртүүгө же билимди текшерүүнүн айрым түрлөрүнөн бошотууга болот.
Ыңгайлаштырылган программаларды иштеп чыгуунун конкреттүү тартибин Билим берүү