Бишкектен Гоа аралына түз авиакаттам ачылышы мүмкүн

Бишкектен Гоа аралына түз авиакаттам ачылышы мүмкүн

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чингиз Айдарбеков Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Депутат алгач Арун Кумар Чаттерджини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Индия менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин айтты.

“2022-жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында жетишилген келишимдерди иш ашырып, мындан ары да байланыштарды чыңдоо башкы максатыбыз”, – деген Ч.Айдарбеков, айрыкча экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү маселелерине токтолду.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Арун Кумар Чаттерджи Индия Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, ошондой эле элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу сөз кылды.

Мындан тышкары, элчи Арун Кумар Чаттерджи эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүнү жана Бишкек — Гоа багытында түз авиакаттам ачылса максатка ылайык болот деп белгилей кетти.

Жолугушуунун жыйынтыгында депутат Чингиз Айдарбеков элчиге Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата чыгарылган «30 жылдык достук» китебин өткөрүп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>