Кыргызстандын жарандары Венгрияда жумушка орношо алышат

Кыргызстандын жарандары Венгрияда жумушка орношо алышат

Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгер форуму өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстанднын 25тен ашык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана Венгриянын 30 рекрутингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Венгриянын ишканалары Кыргызстандын жарандарына өз өлкөсүндө ишке орноштуруунун шарттары жана тартиби жөнүндө кеңири айтып беришти.

Кыргызстан Венгрияда ишке орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Форумдун алкагында кыргызстандык жана венгриялык иш берүүчүлөрдүн ортосунда B2B жолугушуулары уюштурулду. Форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча 25тен ашык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.

Ушул жылы Венгрияда Кыргызстандын 2 миңден ашуун жараны жумуш менен камсыз болушу күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>