Бишкек менен Чүйдө электр берүү чубалгыларынын 10 367 обочолоткучу алмаштырылат

Бишкек менен Чүйдө электр берүү чубалгыларынын 10 367 обочолоткучу алмаштырылат

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр берүү чубалгыларынын 10 367 обочолоткучу алмаштырылат.

2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Чүй филиалынын адистери Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы фарфор обочолоткучтарын жаңы айнек обочолоткучтарга алмаштыруу боюнча пландалган оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Быйылкы жылдын март айынан октябрь айына чейин 10 367 обочолоткучту алмаштыруу пландалган.

“Обочолоткучтар электр берүү чубалгыларынын ажырагыс элементи болуп саналат. Алар, зымдын тирөөчтөргө бекиген жерлерин обочолоо үчүн кызмат кылат жана чубалгыны чукул туташуудан коргойт. Фарфор обочолоткучтарына караганда айнек обочолоткучтарынын обочолоочу жөндөмдүүлүгү жогору, механикалык жактан бышык жана температуранын кескин өзгөрүшүнө туруштук берет», — деп билдирди Улан Жумалиев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Чүй филиалынын башкы инженери.

Ошондой эле ал, электр берүү чубалгыларынын эски фарфор обочолоткучтары 1958-жылкы, ал эми эң эле жаңылары 1980-жылкы. Обочолоткучтардын орточо иштөө мөөнөтү 7-8 жылды түзгөндүктөн, алардын эксплуатациялык мөөнөтү мурда эле өткөн деп белгиледи.

Электр берүү чубалгыларынын обочолоткучтарын алмаштыруу боюнча иштер биринчи кезекте керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлүшү жабдуулардын иштөө абалын сактоого, ыктымалдуу авариялык жагдайларды азайтууга жана күз-кыш максималдуу жүктөмдөр мезгилинде энергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>