УКМК райондук сот Адимовду кармады. Чоо-жайы

УКМК райондук сот Адимовду кармады. Чоо-жайы

УКМК Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимовдун кармалышынын чоо-жайы боюнча үн катты.

Белгилүү болгондой, быйыл 27-сентябрда УКМК тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова опузалап пара алууга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал ата-энесинин камкордугусуз калган өспүрүм балага карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун (Свердлов райондук соттун) өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн пара опузалап пара алган деп кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, териштирүү учурунда аталган иш алгач Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов тарабынан каралып, сот өспүрүмдү абактагы жазадан бошотуп, пробацияга чыгаруу үчүн пара алганы аныкталган. Ал параны жактоочунун (Ы.К.М.) ортомчулугу менен соттун катчысынын жана жардамчысынын көмөгү менен алган.

Жыйынтыгында шектүү катары кармалган сот Акылбек Адимов менен жактоочу Ы.К.М. 20-октябрда камакка алынган.

УКМКдан билдиришкендей, учурда алар тарабынан сот тармагындагы мыйзамсыз фактыларды ачыктоо иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек шаардык соттун судьясы Назгүл Илиязова, кийинчерээк Ленин райондук соттун судьясы Нурлан Кенжебаевди опузалап пара алууга шектеп кармаган.

УКМК дагы бир сотту кармады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>