Жалал-Абадда волейбол боюнча өлкө кубогун уткан милиционерлер сыйланды

Жалал-Абадда волейбол боюнча өлкө кубогун уткан милиционерлер сыйланды

Бүгүн, 23-октябрда Жалал-Абад облустук милициясында жаӊыдан кызматка дайындалган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ИИМдин буйругуна ылайык Азизбек Досов облустук милициянын Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалган.

Ошондой эле ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнө, Жалал-Абад облустук милициянын тергөө кызматына, Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына жаңы кызматкерлер дайындалган.

Андан тышкары волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын кубогун уткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышкан.

«Жалал-Абад облустук милициянын башчысы Жеӊишбек Абитов жаӊы дайындалган кызматкерлерди жана сыйлык алгандарды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө талыкпастан эмгектенүүгө чакырып, кызматтык тартипти бузбоону, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөнү талап кылды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>