Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Бишкек менен Минск шаарларынын кызматташуусу талкууланды
21.12.2023 | 20:01
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Минск шаарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул кадам мамлекеттик деңгээлде гана эмес, муниципалдык деңгээлде да байланыштарды тереңдетүүгө багытталган.
Мэр эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артышты.
Рубрики: Жаңылыктар