Эксклюзив

«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралуу

07.10.2026 | 13:34

Кыргыз альпинизмине 90 жыл толду. Эдуард Кубатов Reporter.kg басылмасына альпинизм музейи эмне үчүн дал азыр ачылганын, анын коллекциясына кандай жеке буюмдарын өткөрүп бергенин жана К2 чокусун багындыруу эмне үчүн өмүрү менен коштошо жаздаганын айтып берди.

— Эдуард Жумакадырович, быйыл кыргыз альпинизмине 90 жыл толуп отурат. Бул музей эмне үчүн эми гана пайда болду?

— Ар нерсенин өз убактысы бар. Альпинизмдин тарыхый музейин түзүү аракеттери мындан 10 жыл мурун эле башталган, бирок, тилекке каршы, бул идеяны ишке ашыруу азыр гана насип кылды. Балким, бул тагдырдын буйругудур, музейдин дал бүгүн ачылышы маңдайыбызга жазылгандыр.

Караңыздарчы, бул кыргыздын чыныгы сыймыктанарлык жайы — альпинизмдин тарыхый музейи. Мында дээрлик 150 жылдык тарых камтылган: алгачкы изилдөөлөр менен тоо чокуларына чыгуулардан тартып биздин альпинисттердин заманбап экспедицияларына чейин бар. Анын ичинде менин К2, Аннапурна жана кычкылтексиз багындырган Эверестти кошкондо башка сегиз миңдиктерге чыккан тарыхым да коюлган.

Мен бардык альпинисттерди, досторумду, улуу устаттарымды, кесиптештеримди жана муз жаргыч боюнча бир туугандарымды бүгүнкү күн менен куттуктайм. Биз үчүн бул өзгөчө чоң окуя.

Бул музей — жөн гана эскерүү жайы эмес. Ал бардык альпинисттердин жолугушуу жайы болушу керек. Бул жерде тематикалык жолугушуулар, кечелер өткөрүлөт. Бул күч-кубаттын жана дем-шыктын жайы болот. Альпинизм үчүн шыктануу өтө маанилүү, күчтүү, чыныгы үлгүлөр керек. Эгер алар жок болсо, альпинизм өлө баштайт.

— Сиз музейге бир катар чокуларга жеткен Кыргызстандын желегин — өтө баалуу экспонатты тапшырдыңыз. Ал тууралуу бир аз айтып берсеңиз. Бул желек жеке сиз үчүн эмнени билдирет?

— Ооба, бул мен 2021-жылы Эверестте алгачкы ирет көтөргөн кыргыз желеги. Андан кийин ал мен кычкылтексиз чыккан алты сегиз миңдик чокуда болду.

«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралуу — Новости Кыргызстана

Мен желек ушул музейде турушу керек деп чечтим. Азыр ал Улуттук тарых музейинин реестринде катталган, бирок мен аны Альпинизм музейине өткөрүп бердим. Ал бул жердин символдорунун бири болуп калсын.

Мындан тышкары, мен сегиз миңдик чокуларды басып өткөн атактуу комбинезонумду тапшырдым. Бул комбинезон менен мен К2 чокусуна да кычкылтексиз чыккам. Бул экспонат жүрөгүмө, эс-тутумума өтө жакын жана кымбат, бирок эми ал музейде турсун.

«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралуу — иллюстрация

Ошондой эле бул жерде мени бир да жолу уят кылбаган сүйүктүү ледорубум (муз жаргыч) жана тоодогу бардык кыйынчылыктарга чыдаган кол каптарым бар. Аларды да калтырдым.

Мунун баары биздин тарыхтын бир бөлүгү болуп калсын. Өмүрүн тоого арнагысы келген улан-кыздар бул экспонаттарды көрүп, жашоосунда чоң кадам ташташсын.

— Чокуларга чыккан күндөрүңүздүн ичинен кайсынысын көп эскересиз жана эмне үчүн?

— Эверестти, албетте. Бул тоо мен үчүн сегиз миңдиктерди ачкан, Гималайды ачкан. Эверест жүрөгүмдө дайыма калат — ал биринчи сүйүү сыяктуу.

Бирок эң оор тоо — К2. Мен өмүрүмдүн 72 күнүн ушул чокуга арнадым. Мага абдан оор болду. Чынында эле өмүр менен өлүмдүн ортосунда турдум. Чынын айтканда, эки жолу өлүм алдында калдым, бирок тагдыр мага бул чокуга чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Ал тургай эң мыкты, легендарлуу альпинисттер К2 чокусуна алтынчы-жетинчи аракетинде чыгышкан. Мен муну биринчи аракетимде эле ишке ашыра алдым.

Бул чыгууну мен улуу чокуларда көз жумган бардык бир туугандарыма, бардык жолдошторума, баарынан мурда Александр Губаевге, Дмитрий Павленко менен Светлана Павленкого арнадым.

Reporter.kg маалымкаты: Александр Губаев — кыргызстандык экстра-класстагы залкар альпинист, эл аралык класстагы спорт чебери жана «Ак илбирс» ардактуу наамынын ээси. Ал планетанын эң татаал чокуларын ийгиликтүү багынтып, дүйнөлүк альпинизмдин элитасына кирген. 2004-жылдын 28-июлунда бийиктиги боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган жана эң кооптуу тоолордун бири болгон К2 (Чогори) чокусунан түшүп келе жатып трагедиялуу каза болгон.

— Мамлекет музейди мындан ары колдойбу? Анын келечегин кандай көрөсүз?

— Ооба, биз музейди колдойбуз. Мен өзүм жеке колдойм, атактуу альпинисттер да жардам беришет. Бул биздин күч-кубатыбыздын, биздин эс-тутумубуздун орду. Башкача болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан музейдин келечеги кең.

Reporter.kg маалымкаты: Дмитрий Павленко — эң жогорку класстагы советтик жана орусиялык легендарлуу альпинист, спорт чебери, көрүнүктүү тоо гиди жана инструктор. Ал заманбап бийиктик-техникалык альпинизмдеги негизги фигуралардын бири болгон жана дүйнөлүк абройлуу «Алтын ледоруб» (Piolets d'Or) сыйлыгынын эки жолку ээси. Узак жылдар бою Дмитрий Кыргызстанда жашап жана иштеп, жергиликтүү тоо коомчулугунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. 2023-жылдын июль айында жубайы Светлана жана бир топ альпинисттер менен бирге жер шарындагы эң катаал жана кооптуу жети миңдиктердин бири болгон Жеңиш чокусунан (Тянь-Шань) түшүп келе жатып трагедиялуу каза болгон. 
Светлана Павленко (кыз кезинде — Великанова) — белгилүү орусиялык жана кыргызстандык спортчу, кесипкөй альпинист, гид, сертификатталган тоо инструктору жана Бишкектеги «Алга» альпклубунун негизги уюштуруучусу. Көрүнүктүү альпинист Дмитрий Павленконун жубайы жана чокуларды багынтуудагы туруктуу өнөктөшү болгон.

Яна Крайнюкова

Анара Мамытова

Scroll to Top