Ысык-Көлдө 8-10 млрд сомго беш жылдыздуу мейманкана курулат

Ысык-Көлдө 8-10 млрд сомго беш жылдыздуу мейманкана курулат

Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана курууга инвестиция тартуу боюнча макулдашууну үч окууда жактырды. Келишимге 2023-жылдын 12-октябрында Бишкекте кол коюлган.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматты Президенттик аппараттын администраторунун орун басары Талантбек Жунушев берди.

Анын айтымында, Азербайжан болжол менен 8-10 миллиард сомго Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана курат. Курулуш аяктагандан кийин жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундары түзүлөт. Келишимге ылайык, мейманкана кызматкерлеринин 70% Кыргызстандын жарандарынан түзүлүшү керек.

Мейманкана Кара-Ой айылында курулат. Анын жалпы аянтты 17 гектарды түзөт. Кыргызстан жерди 49 жылга ижарага бөлүп берүүдө. Инвестор 3 жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>