Беларусь премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди

Беларусь премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунан Роман Головченкону министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Роман Головченко үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>