Бишкек мэриясы «Олд Бишкек» комплексинин соода объектилерин мөөр басып жапты — эмне болду?

Борбор калаанын бийлиги инвестор тарап өзүнө алган милдеттенмелерин аткармайынча жана объект расмий түрдө пайдаланууга берилмейинче, «Олд Бишкек» комплексинин соода объектилеринин ишин токтотот. Бул тууралуу соода комплексинин аймагында өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок расмий түрдө пайдаланууга ушул күнгө чейин бериле элек. Буга карабастан, комплекстин аймагында жайгашкан коммерциялык объектилер иш жүргүзүп келишет.

Мэр Айбек Жунушалиев белгилегендей, муниципалитет бул долбоорду ишке ашырууну шаардык инфраструктураны модернизациялоо шарты менен колдогон, бирок инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарган эмес.
1-июлда Свердлов райондук администрациясы ижарачыларга аныкталган мыйзам бузууларды эки жумалык мөөнөттө четтетүү талабы менен 122 билдирүү тапшырган.

Жыйындын жыйынтыгында мэр жер алдындагы өтмөктүн соода объектилери жайгашкан аймагына мөөр басып жабууну (опечатать) тапшырды. Инвестор милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий пайдаланууга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн иши токтотулушу керек.
Шаардык кызматтарга ижарачылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Комплекстин ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолор боюнча аларга долбоордун инвесторуна кайрылуу сунушталды.
Ошону менен бирге, жөө адамдар өтүүчү өтмөк жарандардын эркин өтүүсү үчүн ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишине гана тиешелүү болот.

Көчмө жыйындын алкагында мэр ошондой эле Чүй проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги демонтаждоо иштери, аймакты көрктөндүрүү жана фонтан зонасын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтарга курулуш-монтаждоо жана көрктөндүрүү иштерин тездетүү тапшырылды.