Каржы министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргызстандын Каржы министрлигинде коллегиянын жыйыны өтүп, анда мекеменин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды жана республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жыйынтыктары, салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүү көрсөткүчтөрү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын учурдагы тенденциялары каралды.
Мындан тышкары, катышуучулар министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин жыйынтыгын чыгарышты. Экономикага жана социалдык чөйрөгө жумшалуучу чыгымдарды пландоо, мамлекеттик капиталдык салымдарды ишке ашыруу, бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү жана мамлекеттик аппаратты каржылоо маселелери көңүл борборунда болду.
Аткаруучулук тартип, Каржы министрлигинин борбордук аппаратынын бюджетинин аткарылышы, ошондой эле Баалуу металлдар департаментин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору өзүнчө талкууланды.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бюджеттик процессти андан ары өркүндөтүүгө, каржылык тартипти чыңдоого жана министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.