Кыргызстан тигүү тармагын модернизациялоо үчүн жапон технологияларын изилдөөдө

15.07.2026 | 11:01
Кыргызстан изучает японские технологии для модернизации швейной отрасли — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү Жапонияга барып, өнөр жайлык тигүү жабдууларын чыгарган дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири — «JUKI» компаниясынын өндүрүшү менен таанышышты.

Токиодо Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын жана ата мекендик тигүү ишканаларынын өкүлдөрүнүн «JUKI» компаниясынын президенти Ацуши Нарикава менен жолугушуусу болду. Тараптар Кыргызстандын жеңил өнөр жайын технологиялык жактан жабдуу жана модернизациялоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап компанияга өлкөдө өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде өнөр жайлык тигүү жабдууларын тейлөө үчүн сервистик борбор жана техникалык инфраструктура түзүү сунушун киргизди.

Мындан тышкары, делегация Тотиги префектурасындагы «JUKI» компаниясынын өндүрүштүк кубаттуулуктарына барып, заманбап технологиялар, автоматташтырылган өндүрүш линиялары жана сапатты көзөмөлдөө системасы менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты. «JUKI» компаниясы келечектүү багыттар боюнча биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди.

Scroll to Top